www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-ноябрда Жамааттык коопсуздук кеңешинин Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериковду кабыл алды.
Мамлекет башчысы Кыргызстан регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелерди кароодо ЖККУнун ролун жана маанисин жогорулатууга кызыкдар экендигин белгиледи.
ЖККУнун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин (2018-ж.) ноябрындагы жыйынынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө маалымат берди. Сооронбай Жээнбековго Уюмга ийгиликтүү төрагалык кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, белгиленген приоритеттер толук кандуу аткарылгандыгын баса белгиледи.
Валерий Семериков 2019-жылдын 27-28-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешине Тышкы иштер министрлер Кеңеши, Коргоо министрлеринин Кеңеши жана ЖККУ Коопсуздук Кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйындарына кароого киргизүүгө документтер даяр экендигин маалымдады.
Ошондой эле 2019-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында өтө турчу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына даярдыктардын алкагында актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.