www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Уттар-Прадеш штатында мусулмандарга кыздарды "сүйүү жихады" деп аталган жол менен исламды кабыл алуусуна азгырууга тыюу салынды.  

Никени кызды динин өзгөртүүгө мажбурлоо максатында пайдалангандыгы үчүн күнөөлүүлөр 5 жылга чейин эркинен ажыратылаары белгиленди. Эми, ар кандай динди тутунган жубайлар, үйлөнүүгө эки ай калганда сотко кабарлап, андан кийин бийликтин макулдугу менен динин алмаштырышы керек.  

Мыйзамды премьер-министр Нарендра Моди башында турган бийликтеги улутчул Бхаратия Жаната партиясы демилгелегени белгилүү болду. Уттар-Прадеш - "сүйүү жихады" теориясынын айынан улуттук деңгээлде мыйзамдарды кабыл алган үчүнчү штат болуп катталды.  

"Сүйүү жихады" термини 2009-жылы пайда болгон, анда өлкөнүн түштүгүндөгү бир катар индиялыктар мусулман эркектери христиан жана индус үй-бүлөлөрүнөн чыккан сүйкүмдүү кыздарды сүйүүгө ишендирип, алар менен баш кошууга убада берип, ислам динин кабыл алдырышкан. Ислам дининин өкүлдөрү кыздын өз каалоосу менен динин алмаштыруу кылмыштуу иш эмес экенин, тескерисинче, сооптуу иш экенин айтып чыгышты. Жана, кандай Ислам динин кабыл алышса, ошондой эле андан баш тартуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости