www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 10 айында Кыргызстанда 152 кош бойлуу аялдан ВИЧ-инфекциясын каттады. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2005-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан статистикалык маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 1-ноябрына карата ВИЧке чалдыккан кош бойлуу аялдардын жалпы саны (2005-жылдан бери) 1615ти түзөт.
Жыл сайын өлкө боюнча 150гө жакын кош бойлуу аялдарга ВИЧ диагнозу коюлат. Департамент ВИЧ энеден балага кош бойлуулук, төрөт жана эмчек эмизүү мезгилинде жугушу мүмкүн экендигин белгилейт. Бирок, ВИЧ илдетине кабылган кош бойлуу аялдар ден-соолугу чың балдарды төрөй алышат. Республикалык СПИД борборунун дарыгери Эркин Тостоковдун айтымында, антиретровирустук дарыларды өз убагында жана туура ичүү жашоону толук кандуу өткөрүүгө жетиштүү.
«Эгерде аял кош бойлуу кезинде эч кандай алдын алуу чараларын көрбөсө же баңги заттарды туура эмес колдонсо, анда ВИЧ-инфекциясы бар энелер төрөгөн ымыркайлар 30% ВИЧ менен төрөлөт. Кош бойлуулуктун эрте мезгилинде башталган тиешелүү терапиядан өтө турган болсо, балага вирус жугуу ыктымалдыгы 2-3% ды түзөт, ал эми калган 98% балдардын ден-соолугу чың төрөлүшү мүмкүн ",- деди Эркин Тостоков.
Булак: NazarNews.kg