www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 5-6-октябрда болгон баш аламандык учурунда оор жаракат алып көз жумган 19 жаштагы Үмүтбектин ата-энесине батир берүү планы бар. Бишкек шаардык кеңешинин буга байланышкан токтому коомдук талкууга коюлду.

Батир Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө жайгашкан. Аны приватташтырып берүү сунушталууда. 

Алтынбек уулу Үмүтбек 8-октябрда Лейлек районунун Кара-Булак айылында акыркы сапарга узатылган. Маркум жигиттин атасынын бир тууган иниси Жакыпбек Жуматаев иниси Бишкек шаарындагы №17 кесиптик лицейде окуп жүргөнүн айтты.

«Агам Алтынбек Жуматаев 1976-жылкы болот. Анын 3 кыз, 2 уулу бар. Үмүтбек эң чоң кызынан кийинки баласы. Агам жакында дагы бир эркек балалуу болду. Ал азыр 8 айлык болуп калды. Бул бала төрөлгөндө Үмүтбекке шерик болду деп сүйүнгөнбүз. Тилекке каршы Үмүтбек каза болуп калды. Ал Бишкек шаарында №17 кесиптик лицейинде окуучу. Анын ойлоп тапкыч жөндөмү бар эле. Мектепте окуп жүргөндө өрүктү кургатуучу аппарат ойлоп тапкан.

Биз анын митингге барганын билген жокпуз. Анын блогер болом деген үмүттөрү болуп, керектүү техника каражаттарын алган. Ошол күнү блогер катары чагылдырам деп барган болушу мүмкүн», - деди ал.

Үмүтбек үн чыгаруучу граната жарылганда бутунан оор жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилген. Көп узабай оор жаракаттын кесепетинен көз жумган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости