www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-ноябрда социалдык тармактарга маршруттук каттамдын айдоочусун жүргүнчү аял тепкилеп, уят сөздөр менен сөгүп жаткандагы видео жарыяланган.

Кийин маршруттук таксинин айдоочусун айда деп тепкилеген окуя Бишкек шаарындагы 193-маршруттук таксиде болгонун Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкен.

Бүгүн кайрадан №193 маршруттук таксинин айдоочусу ал аял менен жолукканын айтты.

"Бүгүн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына бардым. Ал жактан салондо чыр чыгарган баягы аял менен жолуктум. Көрсө, ал "Дордой" базарында соодагер болуп иштейт экен. Дагы деле кепке-сөзгө келбей, тырыңдап жатат. Ал эми тергөөчү аялды мыйзамдын чегинде жазалайбыз деди. Экөөбүздү дагы чакырат экен", - дейт айдоочу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости