www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сымап жана башка оор металлдар менен уулануу Индиянын түштүгүндөгү Элуру шаарында белгисиз илдеттин чыгышынын себептеринин бири болушу мүмкүн. Бул тууралуу Андхра-Прадеш өкмөтүнүн башкы министри Джаганмохам Редди маалымдады.

“Улуттук тамактануу институту күрүчтөн сымаптын изин, ошондой эле жашылча-жемиштерден ашыкча пестициддер менен гербициддердин калдыктарын тапты. Ошондой эле ал оорудан жабыркагандардын канынан фосфор органикалык бирикмелеринин калдыктарын тапкан жана алардын адам организмине кандайча киргенин аныктоо керек”, - деди министр.

Ошол эле учурда адистер дагы деле болсо оорунун так себебин таба алыша элек. Бейтаптардын анализинен коргошун жана никель табылды, бирок дарыгерлер ичүүчү суунун булгануусун жокко чыгарышты. Министр Редди ошондой эле окшош окуя 11-декабрда Элуру шаарында төрт жаңы учур аныкталгандыгын белгиледи. Курман болгондордун жалпы саны 613кө жетти.

Эске салсак, Индиянын Андхра-Прадеш штатындагы Элуру шаарынан белгисиз илдеттин очогу катталган. Бейтаптардын башы айланып, ооруп, эпилепсиясы кармап, күтүүсүздөн эсинен танып, оозунан көбүк чыгып, титиреп жаткандыгына даттанышкан. Алардан коронавирус илдети табылган эмес. Жергиликтүү бийлик адамдар кир абадан же сапатсыз тамактан ооруп калышы мүмкүн деп божомолдошууда. Бирок, акыркы анализдердин айынан бул божомол да жокко чыгарылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости