www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин 9-майда Москвадагы Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышуусу пландалып жатат жана "чоң ыктымалдык" менен ишке ашат. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Нью-Делидеги аскерий булак билдирди.
Анын айтымында, Кызыл аянттагы парадга Индиянын куралдуу күчтөрүнүн параддык тобунун катышуусу да каралууда. Бул топ парадга даярдануу үчүн жок дегенде бир ай мурда Москвага келиши керек. Булак учурда индиялык аскерлердин жеткирүү маселеси талкууланып жатканын белгиледи. Ошондой эле, өткөн жумада Москва менен Нью-Дели ортосунда коргоо министрликтери биргелешкен иш-чараларды уюштуруудагы өз ара аракеттерди жеңилдетүү боюнча келишимге кол коюлганын эске салды.
Буга чейин Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров 9-майда Москвада өтө турган Жеңиш майрамына көптөгөн чакырылган өлкөлөрдүн катышуусун тастыктаганын билдирген.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москвада 9-майды майрамдоого КМШга гана эмес, башка чет элдик лидерлер да чакырыларын айткан. Ал Жеңиш күнүнүн маанисин түшүнгөн бардык чет элдик конокторду Москвада көрүүгө Россия кубанычта болорун белгилеген.