www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезияда Анак Кракатоа жанар тоосу атылды. Ал Ява жана Суматра аралдарынын ортосундагы Зунда кысыгында жайгашкан, деп билдирет АНТАРА басылмасы.

Дүйшөмбүнүн таңынан бери жанар тоо сегиз жолу атылып, 24-январда жанар тоо күлүнүн колонкасы эки чакырымдай бийиктикке көтөрүлүп, кысыктын үстүнөн созулуп кеткен. Жергиликтүү калкка вулканга беш чакырымдан жакыныраак барууга тыюу салынды.

Анак Кракатоа ("Кракатоадун баласы" деп которулган) - Индонезиядагы адам жашабаган жанар тоо аралы, анда Кракатоа жанар тоосу бар. Арал Ява жана Суматра аралдарын бөлүп турган Зунда кысыгында жайгашкан. Башында, Анак Кракатау чоң аралдын бир бөлүгү болгон. Бирок, 1883-жылы күчтүү жанарлоонун натыйжасында төрткө бөлүнүп калган. Андан кийин жарылуу 30 метрлик цунамиге алып келип, кеминде 35 миң адамдын өмүрүн алган.

Анак Кракатоа акыркы жолу 2018-жылдын аягында атылган. Жанарылып чыккан жер көчкү жана цунамиден кеминде 429 адам каза болуп, 150дөн ашуун адам дайынсыз жоголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости