www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электр энергиясын өчүрүү жакын арада токтобойт деп ары карап ыйлап, бери карап күлбөй, бети кызарбай туруп энергетика министри Ибраев айтты. Өлкөдө маал-маалы менен электр энергиясын өчүрүү качанкыга чейин уланат деген түкшүмөөл ой эл-журттун тынчын алып жаткан.  Мындай суроону депутат Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраевге берген. Министр газ маселеси чечилмейин электр жарыгы өчүрүлө берээрин билдирди. 

Депутат Бекешев министрдин жообуна канааттанган жок: "Бул жакта газдын кандай тиешеси бар? Мен так суроо бердим. Жарыкты өчүрүү качан токтойт?", - деди эл өкүлү. Министр электр энергиясынын кубаттуулугунун көбөйүшү газ түтүктөрүндө басымдын түшүшүнө сөзсүз түрдө тиешеси бар деп жооп берди.

Ал эми, Газпромдун жетекчисинин орун басары Арзымат Алдаяров газдын басымы төмөндөбөгөнүн билдирди. Министр Таалайбек Ибраев газдын басымы төмөндөгөнүн эл айтып жатат деди. Дастан Бекешев улам жарыктын өчө берүүсүнөн элдин кан басымы да түшүп жатканын билдирди. 

Министр Ибраев сууктун күчү кайтмайын электр энергиясы өчүрүлө бере тургандыгын айтты: "Өчүрүү графиги учурда түзүлдү. Маалыматты бардык сайттардан, администрациялардан жана айылдык кеңештерден алса болот", - деди министр.

Андан мурун депутат Дастан Бекешев: «Электр энергиянын өчүү графигин түзүп, айтып коюшса жарандар ошого даяр болушат эле» деп кейиген. Эл өкүлү президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, учурдагы электр жарыгынын үзгүлтүккө учурап жаткандыгы тууралуу кеп козгогон: “Алмаз Акунжанович, Бишкекте жана аймактарда саат сайын электр энергияны өчүрүп башташты. Энергетиктер муну жөнгө салуучу чара деп коюшту. Чындыгында, бул маал-маалы менен өчүрүү. Бизде электр энергия жетишсиз, жабдыктар эски болуп жатканын түшүнүп жатам. Бирок, жок дегенде жарандарга электр энергиянын өчүү графигин түзүп, айтып койбойбу. Жарандар ошого даяр болушат эле”, - дейт эл өкүлү.

Эскерте кетсек, буга чейин маалымат жыйынында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын башкы директору Алтынбек Рысбеков электр энергиянын өчүшүн жөнгө салуучу чара экенин жана жабдууларды сактап калуу максатында мындай кадамга барып жатканын билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости