www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бишкек шаарында №47 түзөтүү абагынын жери кичи районго айланат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жарандар үчүн жеткиликтүү турак жай (батир) курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландалууда.

Мисалы, Бишкек шаарында мурдагы №47 түзөтүү колониясынын жерине 10 миң батирлүү кичи район куруу пландалууда.

Маалымат үчүн айта кетсек, эгерде мурда орто эсеп менен жыл сайын 1,3 млрд сомго 1080 ипотекалык батир берилсе, «Менин үйүм—2021-2026» программасын ишке ашыруунун алкагында бир жарым жылдын ичинде эле 6,2 млрд сомдон ашык суммага 2536 батир берилген (2021-жылы 1,6 млрд сомго 732 батир, 2022-жылы 4,6 млрд сомго 1800 батир). Мурдагы жылдарга салыштырганда каржылоону үч эседен ашык көбөйтүүгө мүмкүн болду», - деди Султанбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости