www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран менен Орусия мунай жана газ тармагында алгылыктуу чечимге келип, анын алкагында Тегеран Москвага кызматташуу картасын берди. Бул туурасында Ирандын РФтеги элчиси Казем Жалили билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, Ирандын президенти Ибрахим Раиси жетектеген өкмөттүн жумушчу сапарынын күн тартибине энергетика тармагындагы түрдүү багыттар боюнча Орусия өкмөтү жана компаниялары менен кызматташуу боюнча олуттуу маселелер киргизилген.

Тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кен казуу, мунай жана газ кендерин өнүктүрүү, кайра иштетүү, мунай тазалоо, мунай химиясы жана технологияларды, жабдууларды берүү тууралуу бир пикирге келишкен.

Ошондой эле элчи Тегеран антироссиялык санкцияларга карабай Москва менен соода жана инвестициянын көлөмүн көбөйтүүгө белсенип жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости