www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швеция НАТОго кошулса ага жакын жайгашкан мамлекеттерде абал курчуп, швед тарап Украинадагы чыр-чатакка катышып калышы ыктымал. Бул тууралуу өлкөнүн оппозициячыл партиясынын башчысы Нуши Дадгостардын айтканына таянып РИА Новости билдирди.

"НАТОго кошулуу жакынкы аймактарда эскалациялоо коркунучун туудурат. Чыңалуу өсүп, чыр-чатактын тобокелчилиги жогорулап жатат. Бул туура эмес жол", — деген Дадгостар.

Ал Швеция НАТОнун курамына кирсе швед тарап Украинадагы чыр-чатакка тартылып, альянс согушка катышуу талабын коюшу мүмкүн экенин эскерткен.

Саясатчынын айтымында, Швециянын аймагына өзөктүк курал жайгаштыруу ыктымалдыгы жогору. Эгер бул ишке ашса, анда Россия өлкөнү коопсуздугуна потенциалдуу коркунуч катары кабыл алат. Депутат Швеция НАТОго кирүү үчүн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын талаптарын аткарып, күрд түзүмдөрүн колдоодон баш тартышы керек болуп каларын кошумчалаган.

"Жашылдар" партиясынын лидери Мэрта Стеневи өзүнүн Twitter баракчасына швед депутаттары альянска мүчө болууга караганда өлкөнүн аскердик көз карандысыздыгын жогору коерун жазган. Ал Швециянын бийлигине кайрылып, өлкө аймагына өзөктүк курал жайгашпай турганын тастыктоону талап кылган.

Эскерте кетсек, Стокгольм менен Хельсинки көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштаган эле. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген. АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулиан Смиттин айтымында, уюм Швеция менен Финляндия жакынкы айларда же жумада альянска кирүү боюнча өз алдынча чечим чыгарат деп күтүүдө. Ал Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин НАТОго кошулуу чечимин колдой турганын кошумчалаган.

Россия эки өлкөнүн НАТОго кошулушун колдобойт. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эгер бул нерсе ишке аша турган болсо, чек араны бекемдөөгө туура келерин айткан. Себеби альянстын Россия менен болгон кургактагы чек арасы эки эсе узаргандыктан Москва НАТОнун агрессивдүү аракеттерине даяр турушу керек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости