www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттардын бийликтен кетип жаткан президенти Дональд Трамптын администрациясы 8-декабрда Ирандын Йемендеги элчиси Хасан Ирлуну "кара тизмеге" киргизди. АКШнын Финансы министрлигинин санкциялары Ирандын Кум шаарындагы Аль-Мустафа эл аралык университетине да тиешелүү.

Министрликтин билдирүүсүндө мындай чечим Йемендеги окуяларга байланыштуу кабыл алынганы айтылат.

АКШ элчи Хасан Ирлу жакында Йеменге хусит козголоңчуларына Иран бийлигинин элчиси катары жиберилген деп эсептейт.

Иран - Йемендеги хусит-козголоңчуларына расмий өкүлүн жиберип, аларды тааныган жападан-жалгыз өлкө экени айтылат Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө.

Вашингтон Иран Йемендин өкмөтүнө каршы күрөшүп жаткан хусит козголоңчуларын мыйзамсыз жол менен куралдандырып жатканын билдирип келет. Тегеран мындай айыптарды четке кагууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости