www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Ирина Юрьевна, экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча мыйзамга сиздин көз карашыңыз кандай?

– Конституция өлкөбүздүн баардык жарандарына бирдей укук берет. Андай болсо, кол тийбестикти экс-президенттерден эле эмес, мөөнөтү бүткөн соң, жооп берерин билсин үчүн, азыркы иштеп жаткан президенттен, депутаттардан да алыш керек. Тең болгонго жараша, баарыбыз тең бололу да. Анан мен бир нерсени белгилеп койгум келет, мыйзамдын мурдагыларга таасир этүү күчү болбойт. Мыйзам кабыл алынган күндө деле, ал кийин экске айланчу бүгүнкү президентке таасир этет. Качып кеткен эки президентке анын тиешеси жок. Отунбаева менен Атамбаевге дагы.

Экинчи жагынан президенттен, депутаттардан кол тийбестик алынганы туура эмес. Алып салынчу болсо, алар демилге көтөргөндөн, чындыкты айткандан коркуп калышат. Буга бир эле мисал айтайын, бүгүн министрдин орун басары өз оюн айтар замат «төө бастыда» калды. Азыр «Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин козгош керек» деп жатышат. Бирок, куру айыптоодон бөлөк карманаар эч кандай негиздери жок. Атамбаевди эмне күнөөсү үчүн соттош керек? Чек араларды делимитация, демаркациялоо маселесин чечкени үчүнбү? Же жолдорду, чек арачылар, аскер кызматкерлери, майыптыр үчүн бюджеттик тамдарды курганы үчүнбү? Ал эмне, өзүнө тамды бюджеттик акчага салыптырбы? Конституцияда «экс-президент мамлекеттик дачада жашоого укуктуу» деп жазылган. Усубалиев, Масалиев мамлекеттик  дачада жашашкан. Эмне үчүн Атамбаев жашабашы керек?

Анан калса ал дачанын тең акчасын өз чөнтөгүнөн төлөгөн. Көп кишилер «бул мыйзам долбоору Атамбаевге таасир этет» деп ойлошот. Мен дагы бир жолу айткым келет, жок, эч таасир эте албайт. Бүгүн аны жоопкерчиликке тартууга кимдер чакырып атат? Курултайга ким катышканын карап көргүлөчү: мамлекет үчүн эч нерсе жасабай, өз чөнтөгү үчүн иштеген кишилер отурушту.

– Анда президенттер экс болгон соң кол тийбестиги болоруна ишенип, өз билгенин кыла бериши керекпи?

– Акылы жок киши гана кол тийбестигине ишенип, оюна келгенин кылышы мүмкүн. Азыр элдин баары сабаттуу. Жетекчилердин өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илүүсүнө жол бербейт. Эки качкын президенттин тагдыры буга далил.

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости