www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов азырынча «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын түзүп, партияны экиге бөлүп жүргөндөрдү кабыл алып «саткындыгын» айгинеледи. Кыймылды жетектеп жүргөн Сагынбек Абдрахманов соц тармакта Өмүркулов менен болгон жолугушуусу тууралуу жазып, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ал экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу маселесин колдоорун жар салды.
Эл арасында болсо Өмүркулов жакшылыкты билбеген саткын катары катуу сынга алынууда. Атамбаев Өмүркулов Бишкек мэри болуп турганда, жер сатып жиберген ишке айыпталып кылмыш иши козголгондо абактан сактап калганын, баласы адам өлүмүн себепкер болгон аварияга байланыштуу соттолуп кетээрде, ал иштен баласьш да сактап калганы кызуу талкууланууда.
Баарынан кызыгы, Атамбаевди саткан Иса Өмүркуловго азыркы президент Сооронбай Жээнбеков ишеним артабы? Жогорудагы кадамдарынан кийин, Сооронбай мырза Исадан жүзүн буруп, оолактап кача башташы мүмкүн. Президент да айланасына ишенимдүү адамдарды жыйнагысы келет да. Же андай эмеспи?
Булак: “Ачык саясат”