www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Байланыш жана маалыматтык технология комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду негизсиз бир нече жолу кылмыш ишине байланыштуу айыптаганы үчүн 1 миллион сомго сотко берип жаткандыгын жар салды.
Анын айтымында, ал өзү доо арызын да бир гана кадыр баркын коргоону гана көздөйт. Бул тууралуу ал: «Ар бир Кыргызстандын жараны сыяктуу эле, укугум Конституция тарабынан корголушун, мамлекеттик органды өз кадыр-баркы менен гана жетектөөнү каалайм» - деп баса белгиледи.
Ал эми депутат Рыскелди Момбеков болсо алгач Шаршембиев кадыр-баркы 1 миллион тураарын далилдеп бериши керектигин,ага карата тиешелүү органдардан түшкөн документтер жетиштүү экенин, ошондой эле, анын кадыр-барк эмне экенин тушүнөөрүнө күмөнү бар экенин белгиледи.
Булак: “Ачык саясат”