www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери опузалап талап кылуу фактысы боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү. Буга чейин ички иштер органдарына ишкер кайрылып, опузалап талап кылып жаткан жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аныкталгандай, чала тааныш адам өзүн криминалдык авторитет катары тааныштырып, коркутуу жолу менен опузалап
келген. Маалым болгондой, ишкер товарларды ташып жеткирүү менен алектенип жүргөн. Криминалдык элементтер ишкерге ар дайым чалып, акча каражатып опузалап талап кылып, андан соң ири суммадагы акчаларын алып кетип жүрүшкөн.

2020-жылдын ноябрь күнү телефон чалышып, коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылышып, ири суммадагы акчасын алып кетишкен.  Опузалап талап кылган жаран ишкердин акчасын алуу үчүн өзүнүн жакын адамын жиберип жүргөн. 

Кылмышкерлер алып жүргөн акча каражатынын жалпы суммасы бир нече жүз миңди түзөт. Жабырлануучу милицияга кайрылуудан мурда көпкө чейин ойлонуп жүргөн.  Бир жыл өткөн соң гана  опузалап талап кылуу фактысы белгилүү болгон.

Бул фактыны иликтөөнүн алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлеринин жүргүзгөн ишинин жыйынтыгы менен коркутуу жана опузалап талап кылуу фактысына тиешеси бар жарандын өздүгү такталып, ал Нарын облусунун тургуну 1986-жылы туулган О.Ж. болуп чыкты. Ал Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатат.

Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Аны тергөө кызматына жеткиришкен.  Андан сырткары, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө шектүүнүн шакиртинин өздүгү дагы такталып кармалган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын маалыматы боюнча жаран О.Ж. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Иликтөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости