www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпы дүйнөдө журналисттредин мыйзамдуу укуктары жана коопсуздугун түзүү боюнча иш алып барган Женевадагы Пресс эмблема кампаниясы PEC тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 2022-жылдын биринчи айында рекорд санда журналисттин өлтүрүлүшү «үрөй учурарлык» экендиги баса белгиленди.

PEC өлтүрүлгөн журналисттердин азалуу үй-бүлөлөрү үчүн адилеттиктин түзүлүшү жана жетеринче компенсация төлөп берүүнү талап кылды.

PECтин баш катчысы Блез Лемпен киши өлтүрүүнү айыптап: "2022-жылдын биринчи айы санааркатуучу кабарлар менен башталды, анткени 12 медиа кызматкери кол салууларда каза болду", - деди.

Лемпен Мексикадан 4, Гаитиден, Гондурастан жана Пакистандан экиден, Казакстан менен Мьянмадан бирден журналисттин өлтүрүлгөнүн белгиледи.

PEC маалыматтарына караганда 2021-жылы 29 өлкөдөн 79 журналист өлтүрүлгөн. Ооганстанда 12, Мексикада 10, Пакистанда 7, Индияда 6, Филиппинде 4 журналист түрдүү кол салуулардан каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости