www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1991-жылы декабрда СССР тарап, 1992-жылдын 1-январында баа көтөрүлүп, гиперинфляция башталат. Орусияга өз алдынча баш болуп калган Борис Ельцин 1992-жылдын февралында АКШга иш сапары менен барып, ал кездеги АКШ президенти Жорж Буш (атасы) менен жолугушуп: «Кансыз согуш (Холодная война) тамам болду» деп, залп менен арак алып лык согуп таштаган. Бокең аракты катуу ичип алып Штаттарда ыштанчан болуп алып  Вашингтонду дүрбөттүп жиберген.  Орус элине  Борис Ельцин жага турган, анткени ал Орусияга президент болсо да «арак сүйүүчүлөрдүн» тизмесинен  түшкөн эмес.

Борис Ельциндин АКШга жасаган биринчи иш сапары абдан муңайымдуу болгон. Эскерте кетсек, ага чейин деле Борис Ельцин Горбачев менен бийлик талашып АКШга көп ирет барып, мас болуп алып бийлеп, элдин көңүлүн ачып келген. Ал эми президент болгон соң Борис Ельцин арактан өкүртө ичет да, эшикте аны күтүп тургандарды уруп ойнобой, учактан түшөөр менен учактын дөңгөлөгүнө жаба койо берет. Албетте, учактын ичинде деле туалет бар эмеспи, мас киши аны ойломок беле. 

Вашингтонго болгон иш сапарында Борис Ельцин жана да мастыгын Америкага арнаган. Кечки сый тамакта ал өтө катуу ичип алып ардактуу меймандар үчүн даярдалган жайдан орун алат. Мас Бокең тамтаңдап ыштанчан туруп, көчөгө чыгат да такси тосо баштайт. Аны Ак үйдүн атайын кызматкерлери кармап калышат. Эсине келген Борис Ельцин АКШнын Вашингтонунда жүргөнүн эстеп, пицца алып келмекмин деп аларга түшүндүрөт. Тилекке каршы, Борис Ельцинге пиццаны каалаган убакта алып келүүнү уюштуруп коюшкан экен.

Борис Николаевич элдик фольклорду өтө баалай турган. Жаңы эгемендүүлүктү алган Кыргызстанга келгенде, ал адаттагыдай эс-мас болгуча катуу ичип алат да кашык менен кантип барабан ойной турганын башкаларга үйрөткүсү келет. Ага барабан катары Кыргызстандын ошол кездеги президенти Аскар Акаев кашка башы менен туруп берген.

Беловеж токойунда Ельцин, Украина президенти Кравчук, Белорус спикери Шушкевич болуп 1991-жылы декабрда СССРди бөлүшкөн. Жолугушкан убакта бул үчөө тең катуу ичип, мас болуп алышып, талашып-тартыша кетет. Борис Ельцин ашыкча мас болгон, ошондуктан көптөгөн маселелер чечилбеген бойдон калып, мас мамлекет башчылары тарап кетишкен.

1991-жылы алгач президент болгон мезгилдерде Борис Ельцин Новокузнецк шаарына баратып аракты өкүртө ичет. Борис Ельцин менен жолугушууга миңдеген адамдар чогулуп күтүп жатышкан экен. Ал мас болуп бутунан тура албай учактан түшө албай, оңкосунан кетиптир.

1994 жылдын сентябрында Борис Ельцин Ирландияга келишим түзүүгө келет. Жолдо Орусиянын экс-президенти ойпоң-тойпоңдоп ашыкча ичип алган экен, Ирландиянын борбору Дублинге жеткен мезгилде аны эч ким ойгото албай койот. Борис Николаевичке жансакчылардын кылган аракеттери да мастыктан соолуктура албай койот. Аны тосуп чыккан Ирландиянын мамлекеттик жетекчиси аэропортто катуу даярдык менен күтүп турган болот. Борис Николаевич учактан чыга албай калганын түшүнүп, лаажа болуп кете берет. Келишим түзүү бир сутка алдыга жылат.

Борис Ельцин менен кызык окуялар 1994-жылы Берлинде болуптур. Германиядан советтик куралдуу күчтөрдү чыгарып кеткени үчүн арналган официалдуу салтанатта, катуу мас болуп алган Борис Ельцин аскер оркестрине дирижерлук кыла баштайт.

1997 жылы Стокгольм шаарында өтүп жаткан ядролук куралдар боюнча проблемаларга арналган конференцияда  Ельцин дагы ашыкча ичип алган. Капыстан кайсы жерде отурганын унутуп калып, Кремлде отургандай сезип, ядролук куралдар менен коркута баштаган. Керек болсо колумда ядролук куралдар турганда бардык мамлекеттер менен эсептешем деп жулунган.

1992 жылы ал кездеги Казакстандын  президенти Нурсултан Назарбаев жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен Ташкенде жолугушуу болот. Борис Николаевич бул жолугушууда да ашыкча ичип алат. Чоң кашык менен өз чекесин жана айланасындагыларды барабан ойноп ургулайт. Айласы кеткен өкмөт башчысы Егор Гайдар менен Коргоо министри Павел Грачев аны эки колунан алышып, эптеп алдап-соолап жетелеп кетишет.

Борис Николаевитин машина айлоого укугу жок болсо да, кээ бир учурда мас болуп алып машина айдайм деп жулунган учурлары болгон. Аны машина айдоого жолотчу эмес. Көп ирет машинаны айдаганы менен дайыма кырсык, авария менен аяктай турган.  Анын жансакчыларынын начальнигинин айтуусунда президент Борис Николаевич жолдо кетип бараткан адамдарды да тебелеп кеткен учурлар болгон.

Борис Ельцин эки мөөнөткө президент болуп шайланган. Экинчи ирет Лебедди кошуп алса да 1995-жылдын июлунда жеңилип калганы менен, өзүнө добуштарды коштуруп жатып жеңишке жеткен деп жүрүшөт. 

Бир мөөнөт президент болгондор АКШ Президенти Дональд Трамп, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Молдова президенти Игорь Додон  (2016-жылдан бери 2020-жылга чейин), Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков (бир мөөнөткө да жетпей калды) Франциянын президенти Эмманнуэль Макрон  2017-жылдан, Украинанын президенти Владимир Зеленский, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2019-жылдан жана башкалар.

Көп ирет президент болгондор 1994-жылдан бери Беларусиянын президенти Александр Лукашенко алтынчы ирет президент болуп шайланды. Тажикстандын президенти Эмомали Шарипович Рахмон 1994-жылдан бери төрт жолу президент болуп шайланды. Эки жолу референдум менен полномочиесин көтөрдү. Орусиянын президенти Владимир Путин 2000-жылдан бери төрт жолу президент болуп, 2008-жылдан 2012-жылга чейин премьер-министр болсо, Азербайжандын президенти Илхам Алиев 2003-жылдан төрт жолу президент болуп  шайланышты. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов 2007-жылдан бери үч жолку президенттик шайлоодо жеңип чыккан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости