www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамсыз байыган деп шектелген мурунку чиновниктин мүлкү

Президенттик аппараттын жетекчисинин мурунку орун басары Алмамбет Салиев 2020-жылы 2 млн 215 миң 787 сом тапкан. Бул маалымат анын декларациясынан алынды.

Анын мүлкү:

- 3 млн 744 миң сомдук жылкы;

- 2 млн 280 миң сомдук ири мүйүздүү мал;

- 1,3 млн сомдук жандык;

- «Lexus GX 470» үлгүсүндөгү автоунаа;

- депозиттик жана сактык сертификаттар.

Ал эми жакындары 270 миң сом киреше алган. Туугандарынын менчигинде 2 жер тилкеси (600 кв.м жана 1050 кв.м), 600 кв.м. аянттагы үй бар.

Туугандарынын мүлкү:

- 210 миң сомдук компьютер жана органикалык техникалар;

- 82 миң сомдук турмуш тиричилик техникасы;

- 1 млн 230 миң сомдук ири мүйүздүү мал;

- 340 миң сомдук зер буюмдар.

Алмамбет Салиев 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы болгон. 2016-жылдын майында премьер-министр Жээнбековдун буйругу менен Өкмөт аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. 2017-жылдын декабрында президент Жээнбековдун буйругу менен Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болгон. Бул кызматтан 2020-жылдын октябрында бошотулду.

Салиев 2021-жылы УКМК тарабынан кармалган. Ага мыйзамсыз баюу беренеси менен айып тагылган болчу. Өлкөдөн чыкпоо талабы менен 2021-жылдын декабрында камактан бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости