www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан 25-январда аймактагы электр жарыгы үзгүлтүккө учурагандан кийин токтоткон Ооганстанга электр энергиясын кайра жөнөтө баштады.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги тараткан билдирүүдө, Өзбекстан 25-январдан тарта Борбор Азиянын бирдиктүү энергетика системасындагы үзгүлтүккө байланыштуу Ооганстанга электр энергиясын ташууну убактылуу токтоткону эскертилди.

Билдирүүдө токтотулган электр энергиясын ташуу кайра жанданганы белгиленген.

25-январда Казакстанда болгон өчүрүүлөр Борбор Азиянын бирдиктүү энергетика системасы аркылуу бири-бирине туташкан Кыргызстан менен Өзбекстанда бир убакта электр энергиясы өчүрүлүп, аймактагы 30 миллион адам жарыксыз калган.

Натыйжада чоң шаарларда, өзгөчө Ташкентте, Алматыда жана Бишкекте метро, ​​трамвай ташуу жана авиакаттамдар токтотулуп, ири заводдор жана ишканалар өз ишин токтоткон. Ал эми чоң шаарларда суу жана жаратылыш газ камсыздоолору токтотулуп жана жылуулук көйгөйлөрү болгон.

Өзбекстан Ооганстанга жыл сайын орто эсеп менен 5-6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын экспорттойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости