www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишти билбеген Жылдыз Бакашова иритип бүткөнү калдыбы?

Коронавируска каршы республикалык штабдын башчысы Жылдыз Бакашова жумушун түшүнгөнчө эле апаат курчуп, эл алапайын таппай калган чагы. Тажрыйбасыз кадрдын кылары ушул тура. Карапайым калк жапырт ооруп, өзгөчө улуу муундагылар кыйналып аткан чакта, Жылдыз Бакашова жарытылуу ишин көрсөтө албай, көпчүлүктүн убалына калганы калды.

“Көлдүк карта” аркылуу китепканадан министрлик кызматка космостук тездикте көтөрүлүп, көзү умачтай ачылып отурган кербези. Кадр саясатында ыраатсыздык орун ала берсе, акыры мамлекетибизди туңгуюкка такап, жардан ары тоголотуп албайбызбы? Эми Жылдыз Бакашова жыбылжый басып, ишин үйрөнгүчө артынан ирип бүтпөйбү?

Булак: Азия News гезити

Последние новости