www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Раматылык Саймаити айтып жатпайбы, ар бир машинага акча бергенбиз деп, эмне себептен акча берилет, ошол машинанын ичиндеги товардын көлөмү, салмагы, аталышы жазылгандай болсо, анда эч ким эч нерсе бербейт. Эгерде 10 тоннанын ордуна 25 тонна жүктөп кетсе же товардын аталышы башкача болсо анда сөзсүз берет. Буга эки тармак тең кызыгып атат”. Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев “Эксперттер талдайт” берүүсүндө айтты.

“Калыстык үчүн айтып коюш керек. ЖК токтом кабыл алып комиссия түздүк. Саймаитинин өлүмү болуп кичине аталышы кыйшыгыраак  болуп калды. Бирок ушул иликтөөнүн материалдарын текшерип, өзүбүзчө бир пикирге келип, чечим кабыл алабыз деген кадам жасалды. Ал эми, митинг боюнча айтсам, аябай жакшы. Мен катышкан жокмун, себеби, уюштуруучулар  айтышты, эски саясатчылар келбей эле койсун, биз чарчап бүттүк деп, бул абдан жакшы нерсе. Саясий коом алмашып атат. 

Өзүм милиция кызматкери болуп иштегенмин, алдын ала тигил камалсын, бул камалсын деп айта албайм. Өткөн кылымда көпчүлүк топтолуп туруп баланча камалсын, атылсын дегенге окшоп баратат. Изилдөө жүргүзүлсүн, аягына жетсин, бийликке койгон талап абдан туура.

Раматылык Саймаити айтып жатпайбы, ар бир машинага акча бергенбиз деп, эмне себептен акча берилет, ошол машинанын ичиндеги товардын көлөмү, салмагы, аталышы жазылгандай болсо, анда эч ким эч нерсе бербейт. Эгерде 10 тоннанын ордуна 25 тонна жүктөп кетсе же товардын аталышы башкача болсо анда сөзсүз берет. Буга эки тармак тең кызыгып атат. Ишкерлердин да кызыкчылгы бар. Абдан чоң көйгөйгө айланып кетти. Саймаитинин же уйгур үй-бүлөнүн же райондун эле көйгөйү эмес. Биздин мамлекетибиз 15-20 жылдан бери контрабанда мамлекетке айланып кетти. Сиздер эмне ишенесиздерби, “Дордой”, “Мадина” же “Кара-Суу” базары товардын баарын өзүбүзгө сатабыз деп, жок андай эмес. Алып келип туруп өзгөртүп туруп башка жакка сатабыз. Ошол жерде биздин жарандарыбыз акча таап жатат. Ошондуктан бул оңой маселе эмес. Ал жерде миңдеген адам иштейт”, -дейт эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости