www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы 8 жылда 60 кытайлык Кыргызстандын жарандыгын алган. Бул тууралуу ЖКнын Эл аралык иштер жана коопсуздук комитетинин отурумунда комитет төрагасы Исхак Пирматов билдирди.

Анын пикири боюнча, кытайлыктарга Кыргызстандын жарандыгы көп берилип жатканына эл нааразы болуп жаткандыгын билдирди.

"Эмне үчүн Тышкы Иштер Министрлиги жарандык боюнча расмий статистиканы жашырат. Мен Кыргызстанга 2018-жылы 2017-жылга караганда, 10 миң кишиге аз келгенин билдим. Акыркы 8 жылда 60 кытайлык жарандык алыптыр. Алар негизинен никеге тургандан кийин алышкан", - деди ал.

Мындан тышкары, Пирматов Кытайдагы этникалык кыргыздарга байланышкан абалдан улам өкмөттү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

Ошондой эле, Пирматов Кытайга байланыштуу акыркы окуялар боюнча Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) расмий позициясын айтпай жатканына нааразычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости