www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ислам дүйнөсү Макронго каршы чыгууда

 

Дагы бир мусулман өлкөсү Францияга дооматтарын койду. Ирандын Тышкы иштер министрлиги Париждин элчисин чечен жигити мектеп мугалимин өлтүргөндөн кийин Мухаммед пайгамбардын карикатуралары дагы көп тиражда жарыялангандыгы үчүн чакырган. 

Тегеран Мухаммед пайгамбарга карата ар кандай кемсинтүүнү жана сыйлабоону кабыл албастыгын белгиледи. Жолугушуу тууралуу башка маалымат айтылган жок. 

Андан бир күн мурун Пакистан бийлиги да ушундай эле Франциянын элчисин чакырган. Мындан тышкары, премьер-министр Имран Хан Франциянын чек араларында "исламдык сепаратизм" жөнүндө сөздөрдөн улам Макронду "исламга кол салып жатат" деп айыптады. 

Макрондун билдирүүлөрүнө дүйнөнүн башка аймактары да нааразы: Бангладеште "Макрон дүйнөнүн душманы" деген ураан астында демонстрациялар өткөрүлүп, Кувейт менен Катарда дүкөндөр француз продукциясынан баш тартышты. 
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Макронго анын психикасын текшерүүнү сунуштап, Франциядан келген продукцияларды бойкоттоого чакырды. Чеченстандын муфтийи Салах-Хаджи Межиев Макронду "дүйнөдөгү эң биринчи террорчу" деп атады.  
Буга чейин пайгамбардын карикатуралары Монпелье шаарынын мэриясынын дубалында чагылдырылган. Ага чейин Париждин борборунда жана Франциянын башка шаарларында өлтүрүлгөн мугалимди эскерүү иш-чаралары өткөрүлгөн. Элдер сөз эркиндигин, республикалык эркиндикти коргоо жана мугалимдерди колдоо ураандары менен көчөлөргө чыгышты. Ошондой эле карикатуралар өзүнчө китеп болуп басылып чыга турганы да белгилүү болду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости