www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таиланд толкуду

Таиланддын борборунда бир нече күндүк жымжырттыктан кийин өкмөткө каршы нааразычылык акциялары кайрадан башталды. Бул тууралуу маалымат булактарына таянуу менен ria.ru билдирди.

Демонстрацияга миңдеген адамдар, ар кандай топтордун өкүлдөрү катышууда. Адамдар өлкөдөгү демократиялык реформаларды талап кылышууда. Эл Конституцияны өзгөртүүнү жана премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылды. Миңдеген адамдар нааразычылык билдирүү үчүн жолдорду тосуп турушат. Ушундай эле окуялар 16-октябрда болгон.

Бул өзгөчө кырдаалды жарыялоого алып келген. Нааразылык акциясына байланыштуу Бангкокто киргизилген өзгөчө кырдаал дагы 30 күнгө созулат деп айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости