www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Республикасынын тунгуч президенти Ислам Каримов инсан катары кандай адам болгон? Анын жеке жашоосунда кандай адам болгон? Каримовдун принцип менен жашаган кадамдары тууралуу жубайы Татьяна Акбаровна Каримова Өзбекстандын жергиликтүү ММКларынын бирине маек берген.

 “Үйлөнүү тойдон кийин эки бөлмөлүү батирде жөнөкөй эле турмушта жашап баштадык. Биз жашаган батирди Ислам Абдуганиевич мамлекеттик план комитетинин жетекчисинин башчысы болуп жүргөндө алган. Ынтымактуу жашаганбыз, алган айлыгыбыз анча чоң эмес болгондуктан, алган батирибизди өзүбүз акилеп, эшикти сырдап, полдорун лактап, эшик-терезесине өзүбүз айнек салганбыз. Эч качан оор иштерден качкан эмеспиз. Адатта Ислам Абдуганиевич үйдүн кара жумуштарын өзү жасаганды жакшы көрчү. Зарыл учурда издеп калбайын деп, үй-тиричилигине керектүү аспаптар, боёк щеткаларын, кычкач, балка жана башка бир нече заттар атайын чемоданда сакталып турат эле. Бир жолу Ислам Абдуганиевич полду лактап жатып жытына ууланып калды. Бирок “Тез жардам” чакырткан жок. Түнү менен сүт ичирдим. Ошол болуп өткөн окуядан кийин боёктун жытын жыттабай турган болду.

Ислам Абдуганиевич ишемби жана жекшемби күндөрү дагы таңкы саат 4кө чейин иштеп, зарыл учурда кара жумуштарды чогуу жасап жүргөнбүз. Бул киши кандай кызматта иштебесин, эч качан кызматтык абалдан пайдаланган эмес. Андан ылдый кызматта тургандар ага караганда жакшы жашап өмүрлүк жолдошумдун үстүнөн күлүшчү. Бирок мындай мамиле Ислам Абдуганиевичтин мамлекетти пайдалануу позициясын эч качан өзгөртпөдү. Таң калычтуусу биз мамлекеттик турак-үйдө жашаганыбызда дагы оңдоо–түзөө иштерин өзү кылган. Мисалы, кечинде жумуштан кийин дубалга картина илип же мебелдердин ордун өзгөртүү керек деген ой жаралып калса, эртеси күндү кызматкерлердин келишин күтпөй Ислам Абдуганиевич өзү ишке киришип кетчү”,-деп эскерген маркум Ислам Каримовдун жубайы Татьяна Каримова.

 Эске сала кетсек, Өзбекстандын тунгуч президенти маркум Ислам Каримовдун 82 жылдыгына карата эскерүү альбому жарык көрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости