www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко 60 миллон доллар турган учак сатып алды. Бул тууралуу беларусиялык журналист Степан Путило NEXTA Telegram каналынан билдирди.

Сөз Gulfstream G550 бизнес-жет тууралуу болуп жатат. Аба кемеси өлкөдө биринчи адамдардын катарын көрсөтүп турган EW-001PJ номуру менен. Мындан сырткары, учак Беларусиянын желегинин түсүнө боёлгон.

Журналист мамлекет башчынын учагы 61,5 миллион доллар турарын айткан. Каталогдун маалыматы боюнча баасы ички бөлүмү жана жабдуулары жок көрсөтүлгөн. Аба кемеси учуу аралыгы 12,5 миң киллометрди түзөт.

Минск аэропортунда учак Беларусиянын борборуна сеньтябрь айынын аягында келгенин тастыктаган. Азыркы учурда Gulfstream G550 учагы Варшавага жалгыз рейсин жасаган. Ошондой эле айрым маалыматтар боюнча бизнес-жет менен мамлекет башчынын үй-бүлөсү да колдонот.

Келишим австриялык жеке компания менен түзүлгөн. Gulfstream G550 Минскке келгенден кийин мамлекет башчынын менчигине өткөнүн Путило жазган.

Расмий рейстерди Лукашенко Boeing 737 (номер EW-001PA) и 767 (EW-001PB) лайнерлери менен жасайт. Журналисттин айтымында, жаңы учакты ал жеке иштери үчүн колдонот.

2018-жылы мамлекет башчынын эски Ту-154М учагын аукционго коюну чечишкен. “Белавиа” авиякомпаниясы сатып алуучудан эң аз дегенде 4,292 миллиона рубль талап кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости