www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрнис эми “Каалгаңды” кантип ачабыз?!

Эрниске

Эми “Каалгаңды” кантип ачабыз?!

Бир жылы “Каалгаңды” бердиң. “Сен алчы. Сен аччы ушул каалганы. Сенде жүрсүнчү” деп. Ал Эрнистин тал чыбыктай кезиндеги алгачкы эмгеги болчу. “Каалга” деген. “Өзүм бастым, өзүм чыгардым, бир экземпляр” деп. “Сен жоготпойсуң, а мен сени жоготпойм!” дегенсиң. Сонун сөз жазганга, табылганга, сонун сөз айтканга сүйүнчүбүз. Сен ошенткенде сүйүнгөнбүз. Анткени сен сонун сөз тапкансың. “Жарайт, бул менде болот дегем. Пальтомдун ички чоң чөнтөгүнө салгам. Анткени ал ошого эле батчу. Бирок ал каалга бир чөнтөккө баткан менен бүт дүйнөнүн туткасы болчу. Туткасын таап аны ачыш гана керек эле... “Каалгаң” гезитте үлкөн рубрика болчу. Аны менен далай саясатчы, далай ырчы, далай күлчүлөрдүн каалгасын кагып ачпадыкпы, гезиттен. “Мен ааламдын каалгасын билем, эми анын туткасын гана табыш керек!” дечүсүң. Ал тутка али табыла элек. “Каалга” Мен аны жоготкон жокмун. Бирок биз жоготушуп жүрдүк... Боору бүтүн, турмуштан балбан ким бар дейсиң? Баары, элдин баары жоготушуп жүрбөйбү, аралык болуп кай бири айрылышып жүрбөйбү дештик кайра бир ирет. Көрүшпөй калган менен айрылышып калган жокпуз дедик. Бирок, сенин жакшы кабарың кечигип жүргөн кезде бир паста жаман кабарың жетпедиби. Жакынга жетип жете электе алыска жетти. Ал дайыма ошондой. Алыстарга бат кетет. Мелис байкени да капыстан угуп калдык. Алыкеге чалгам. “Чынбы?!” деп. Чалсам: “Ок, койсоңчу эй, аны биякта туруп мен укканым жок!” деген. Бирок уккан. Баары чын болуп чыккан. Ошол сыяктуу Эрнисти угуп, ишенбей кайра чалсам “чын!” дешти. Бүгүн, эртең менен! дешти. А биз ал кабарга даяр белек? Бүгүн угуп бүгүн жоктоо жазганга даяр белек... Ушинтип жарга такап койбодуңбу! Жакшы сөздөр айтылып али жакшылыктар арнаша электе...

...Бүгүн сен кайтып келдиң, салам сага!
Экөөбүз жолукпайбыз дечү элем.
Баарысы баягыдай: турпатың, көз карашың…
Эх, тагдыр кайталанып келчү белем?..

Чынында абдан сени сагыныпмын,
Салмактуу мүнөзүңдү, жүрөгүңдү,
Чычайта чылым тиштеп, ойлуу карап,
Күзгүнү карап алып күлгөнүңдү.

Кечкисин ак кагаздан көздү албай,
Калемди кажып коюп олтурганың.
Бул аалам аңтар-теңтер болсо дагы,
Болбосту кадимкидей болтурганың.

Баарысын, бүт баарысын сагыныпмын…
Жер карап көчөлөрдө басканыңды,
Түн оокум уйку көрбөй жатканымда,
Эшикти эч добушсуз ачканыңды,

Бутуңдун учу менен басып келип,
Сен мени көпкө чейин караганың,
Балалык кезде калган атакемдей
Саамайды манжаң менен тараганың…

Кыйналып, бүт турпатым муңга батып,
Дүйнөмдү кесирликке малдым эле,
Армандын аягы жок күүсүн чертип,
Алсыздык аскасында калдым эле.

А эми ууртума күлкү уялап,
Боштукка толуп турган көздөрүм ток.
Мен сага миң мертебе ыраазымын,
Жалгыздык, рахмат сага, сөздөрүм жок…

2004-жыл

Бул “Каалгаңа” кошкон кийинки ырларыңдан. Бир сыйра көз чаптырдым. Анан да “Мелис байкеме” дегениң:

Кеч иңир Мелис байкеме

Улуу Көч. Улуу Өмүр. Улуу учур.
Уруштун туу чокусу алаканда.
Мен болсо эшек курттун кейпин кийип,
Менменсип мерт дүйнөгө баратам да…

Өрт дагы, өткүр дагы Сиз турасыз!
Өткөргөн менин жолум ката экен да?..
Кеч иңир кирип келди, шашылайын…
Кечиргин агам дагы, атакем да…

2007-жыл

Экөөң тең 50 дөн ары өткөн жоксуң. Бирок Сөз жазам деген миңдерге мектеп болдуңар. Устат болдуңар. Бул максаттын максаты, бийигидир. Демек, жылдызга колуң жеткенидир. Силерди карап, өлбөй турган, жылдызга колу жеткен эчен кыргыздын эчен өчкөн өмүрүн эстеп бул ой келди: Өлбөш үчүн жылдыздан түшпөш керек экен! Жан дүйнө чабытыңар жылдызда туруп бир мезгил “гүп!” деп кулабашыңар керек экен, чоң адам! Ылдыйда силер басчу жол калбай, чоочун болуп четте калат экенсиңер, чоң адам. Акыркы каттарыңдын биринде жаздың: “... досум, эң негизгиси - мен акыйкатты түшүндүм, бирок ошол акыйкатты кабыл алгым келген жок. Ал акыйкат жаздын тамчысына татыбайт экен. А мен тамчыга таазим кылам, билесиң, кечир дос, билгенимди элге тартуулай албай калдым...”
Ээ, Эрнис! Эх акылман старик, эчендер, анын ичинде агаң Мелис таппай кеткен акыйкатты сен “таптым!” дедиң. Сага маңыз ошол болчу. Жашоодо. Милдетиң ошол болчу. Анын төрү жалган бекен чын бекен, анык Акыйкат бекен жок бекен эми көрүп аткандырсың... Адатыңча жер жарчудай таңкалып, башты чайкап...
Эми сени башка арга жок барактардан жыйнап атабыз. Дагы далай айтаарбыз. Каалгаң кагып, туткасын таап сени ачып көргөнчө...

Жеңишбек Эдигеев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости