www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Исмаил Исакович, өтө оор кылмыштарга өлүм жазасын киргизүү бийлик тарабынан каңкууланууда. Ак-караны ажыратууга сот, прокурорлор даярбы? Ансыз да укук коргоо органдарынын алшемдигинен арылбай аткан чакта катаал жаза менен күнөөсүздөр мерт болуп кетпейби?
— Чынында өлүм жазасын киргизүү акыркы күндөрдө актуалдуу темага айланып, соцтармактарда ар кандай пикирлер айтылууда. Өлкө башчыбыз дагы “аны эл чечет” деп, элдин талкуусуна коюп, көпчүлүктүн пикирин угайын дегени туура эле. Менин жеке пикиримде, ким болбосун, өзгөчө мамлекет жетекчилерибиз ачуунун, каардын, кызуулуктун же кошоматчылардын кулакка жагымдуу угулган сөздөрүнүн таасиринде эмес, ар тараптан иликтенип, терең анализденген, ошону менен бирге мыйзамдуулуктун үстөмдүгү, жарандарыбыздын укуктары жана эл аралык милдеттенмелерин сактоого багытталган ой-пикирлердин жана сунуштардын негизинде шашпай, мамлекеттин кызыкчылыгына багытталган чечим кабыл алышы керек деп ойлойм. Акылман ата-бабаларыбыз “жети өлчөп, бир кес” деп муундан-муунга бекеринен өздөрүнүн акылнасааттарын калтырган эмес. Албетте, жабыр тарткандардын атаэнелери же жакын туугандары кайгынын, ызанын, күйүттүн, ыйдын таасиринде “өлүмгө өлүм!” деген ойлорун жана бийликке койгон талаптарын баарыбыз туура түшүнүп, мыкаачынын же зомбулук кылгандын жазасы адилеттүү, катуу болушун колдоого алуу ар бир жарандын милдети экендигин дагы баса белгилешибиз керек. Эл аралык өкмөттүк эмес уюмдун (Amnesty Internatiogal) маалыматы боюнча 11 өлкө, тагыраак айтканда, Кытай, Иран, Сауд Арабиясы, Египет, АКШ, Сингапур, Ирак, Кувейт, Сомали жана Түштүк Судан өлүм жазасын эң көп колдонгон өлкөлөргө кирерин жазып чыгышты. Ал эми 112 өлкө өлүм жазасын такыр колдонбойт, алардын басымдуу көпчүлүгү (Беларустан башка) Европа өлкөлөрү экен. Жалпак тил менен айтканда, сот адилеттүүлүгүн камсыз кылган, жарандардын укуктарын сактаган жана демократиялык институттар толук кандуу иштеген өнүккөн өлкөлөр. Биз дагы артта темтеңдеп жүрбөй, алдыга жылуу максатында өлүм жазасын колдонуудан 2007-жылы баш тартып, аны жокко чыгаруу боюнча 1998-жылдын 15-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 44/128 резолюциясы менен кабыл алынган, өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган жарандык жана саясый укуктар жөнүндө эл аралык пактынын экинчи факультативдик протоколуна 2010-жылы 15-мартта кабыл алынган мыйзам менен кошулуп, өлүм жазасына тыюу салуу боюнча эл аралык милдеттенме алганбыз. Ошонун алкагында беш жыл мурда же акыркы референдумда кабыл алынган азыркы Башмыйзамыбыздын 25-беренесинини 1-пункутуна «өлүм жазасына тыюу салынат» деген норманы киргизип, эл аралык милдеттенмебизден тайбай, референдум менен аны бекитип, өлүм жазасына тыюу салган элек. Менин жеке пикиримде, бул чечим абдан туура чечим болгон. Анткени, адамдын өмүрүн алуу же албоо бул Кудайдан, анын пенделери болгон бизден эмес го деп ойлойм... Экинчиден, өзүбүздү кандай адилеттүү элбиз, мыйзамдарыбыз кынтыксыз аткарылат, азыркы техникалар өнүккөн заманда баары көрүнүп турат, дээрлик байкалат дегенибиз менен мыйзамдарыбыздын аткарылышында мүчүлүштүктөр жок эмес, бар. Көрүп, жазып турган техникалык мүмкүнчүлүк ар бир айылда, кыштакта, үйдө же талаада жетишсиз, укук коргоо органдары жана сот системасы элдин ишенимине татыктуу деңгээлге жете элек. Ошондуктан “тергөө учурунда ката кетирилбейт, кынтыксыз далилденет, прокурорлорубуз мыйзамдардын так аткарылышын камсыз кылат, ал эми сотторубуз адилетүү чечим чыгарат” деген кепилдикти берүүдөн баарыбыз алыспыз деп ойлойм. Үчүнчүдөн, кээ бирибиз мыкаачылыкка же зомбулукка баргандар өлүм жазасын алса эле баары андан сабак алышып, коркуп калышат дагы, мындан ары андайга барышпайт, ал эми жабыр тарткандардын ата-энесинин же жакын туугандарынын моокумдары канып, тынч болуп калат (!) деп ойлойбуз. Бул бир жагынан туурадыр, экинчи жагын алып караганда, өлүм жазасына тартылгандардын өлүмү – алардын жакындары үчүн (эгерде акыйкаттын негизинде жазаланса) эң жеңил жаза болуп каларына көпчүлүгүбүз маани бербейбиз. Ушуга жакын болбосо дагы бир мисал: токсонунчу жылдардын экинчи жарымында кызматыма байланыштуу Батыш өлкөлөрүнүн бирине барып, алардын жоокерлеринин турмуштары жана окуу процессттерине катышып, таанышып, жазага тартылгандар кандай шартта камак үйүндөгү камерада отурарын өз көзүм менен көрүүнү суранып барып, көрдүм эле. Жазага тартылып, камак үйүндө отура тургандарды сабак учурунда камерада кармашпайт экен. Тагыраагы, окуу процесси бүткөндөн кийин эртең мененки сабакка чейин гана камерада кармашып, алар үчүн бош убактарында жолдошторунан, ага келген жакындарынан обочолотуп (изолировать), эч ким менен сүйлөштүрбөй жалгыз кармоо оор жаза катары эсептелгенин айтып беришкен эле. Ошондуктан, эң оор жаза бул – өмүр бою камерада жалгыз, эч кимге байланышы жок отурган, менимче, өлүмдөн да катаалдык эмеспи. Ойлоп көрсөңөр, өмүр бою камерада жалгыз отуруу кандай оор?! Бир-эки эле күн эч ким менен сүйлөшпөсөң жинди болуп кетесиң, туурабы? Өмүр бою, жок дегенде 30-40 жыл жалгыз камерада жаткандар эмнелерди гана ойлонбойт? Жараткандан эмнелерди гана суранбайт, жалынбайт? Анын ата-энелеринин, туугандарынын камерада жалгыз отурган жакыны боюнча ойлонгон нервдери, өлгүчөктү түрмөгө каттаган азаптары... Ушуларды элестетип көргүлөчү? Төртүнчүдөн, эгерде тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун мүчүлүштүктөрүнүн негизинде же соттун катачылыгы менен соттолуп кетсе, убакыт өтсө дагы аны оңдоп, адилеттүүлүктү камсыз кылганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эң адилеттүү деген Батыштын соттору жана сот арачылары ката кетиришип, адилетсиз соттолгондор кандайдыр бир жылдары алардын актыгы далилденген учурларды жакшы билебиз. Бешинчиден, өлүм жазаны киргизип, эл аралык милдеттенмелерибизден баш тартып, артка кайтсак, дүйнөдөгү аброюбуз кантет? Ааламдашкан заманда муну дагы эске алганыбыз оң. Бул дагы маанилүү маселе. Кокустан элдин ишенимине ээ боло элек азыркы соттордун чечими аркылуу күнөөсү жок жаран “күнөөсү далилденип”, же “кысым-басымга” чыдабай айыпты моюнга алып, соттолуп, өлүм жазасына тартылып, мерт болуп кетсе, кандайдыр бир убакта анын күнөөсү жоктугу далилденип, башка күнөөкөрлөр табылып калса, жазыксыз өлтүрүлгөндөрдүн ата-энелеринин же жакын туугандарынын талабы менен дагы референдум өткөрүп, кайра тыюу салууга барабызбы? Анда элдин салыгынын эсебинен жашап, “мыйзамдуулукту сактайм” деп ант берип, туура эмес өкүм чыгарган сот жана адилетсиз тергеген тергөөчү, мыйзамдуулуктун так аткарылышын камсыз кыла албаган прокурорлорубуз кандай жаза алышат? Бул жагы кандай болот?
— Ошондо өлүм жасазасына ашыкпай, “жети өлчөп, бир кесе” турган жерде турабызбы?
— Жогоруда мисал кылган нерселердин баарын эске алып, “жети өлчөп, бир кес” деген принциптин негизинде чечим кабыл алуу менен бирге жазадан башка тарбия-таалим, жарандардын укуктарын кынтыксыз сактоо, укуктук жактан жарандардын билимдерин жогорулатуу, мыйзамдардын так аткарылышын камсыз кылуу жана башка иштерди комплекстүү түрдө алып баруу дагы өтө маанилүү. Анткени, акыркы беш жылдагы, тагыраак айтканда, 2021-жылдан 2025-жылдын 8 айынынын ичинде өлүм, зомбулук боюнча массалык маалыматтарга чыккан статистикалык маалыматка көз жүгүртсөк, акыбалыбыз анчейин жакшы эмес. Статисика боюнча: -- өлтүрүлгөндөр (убийство) 178 (анын ичинде 12 бала, 10 жаш өспүрүм, 153 аял); -- зордукталгандар (изнасилование) 313 (анын ичинен 65 бала, 163 жаш өспүрүм, 15 аял). Мына ушундай кырдаалда бир эле өлүм жазасын киргизүү менен маселе чечилет (!) дегенден алыс болушубуз керек. Эгерде референдум өтүп, өлүм жазасын кабыл алууну көпчүлүк элибиз колдоп берсе, анда күнөөсү жок адамды мерт кылганга барган прокурорду, туура эмес тергеген тергөөчүнү жана сот адилеттигин камсыз кыла албай өкүм чыгарган сотту дагы өлүм жазасына тартуу нормасын кошо кабыл алышыбыз зарыл. Ошондо гана тергөөчү туура тергегенге, прокурор мыйзамдуулукту так сактаганга, о.э. сотторубуз кынтыксыз далилдердин негизинде адилеттүү өкүм чыгарганга барышат деп ойлойм.
"Азия Ньюс" гезити