www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Документ буга чейин Жогорку Кеңеш тарабынан 15-апрелде кабыл алынган.
Түзөтүүлөр 16 жашка чейинки балдар үчүн жалпы жарандык паспорт алуу процессин жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган.
Мыйзамга ылайык, эми Кыргызстандагы 16 жашка чейинки балага паспорт ата-энесинин биринин же мыйзамдуу камкорчуларынын арызынын негизинде берилиши мүмкүн.
Бирок, чет өлкөдөгү балага паспорт алуу үчүн ата-эненин экөөнүн тең макулдугу талап кылынат. Эгерде ата-эненин бири каршы болсо, документ соттун чечими менен гана берилиши мүмкүн.
Андан тышкары, мыйзамда өзгөчө кырдаал же согуштук абал учурунда мөөнөтү өтүп кеткен балдардын паспортторунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү каралган. Бул чечимди Министрлер Кабинети кабыл алат.