www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-майда нөшөрлүү жаандан соң Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында сел жүргөн. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Баткен районунун аймагындагы сел суулары сайларда өз нугунда агып кеткен. Ал эми Лейлек районунда сел суулары ички жолдорго жана эки турак үйгө зыян келтирген.

Президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев баштаган тиешелүү жетекчилер селден жабыркаган аймактарды жеринен көрүп чыкты.

Алар Коргон, Катыраң, Баул айылдарына баруучу ички жолдорду тазалоо жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, аткаруучуларга ыкчам жана сапаттуу иш алып баруу боюнча тапшырмаларды беришти.

Ошондой эле турак үйлөрдүн жер төлөлөрүнө кирген сууларды сыртка чыгаруу, арык-каналдарды тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда аймакта селдин кесепеттерин жоюу боюнча атайын техникалар тартылып, тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Жолдор ачык, унааларга чектөө жок.

Последние новости