www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үй акыркы айларда Европадагы америкалык аскерлердин санын кыскартуу ниетин билдирип келет. Трамп Германиядан беш миң аскер чыгаруу планы бар экенин айткан. Ошондой эле Германияга канаттуу ракеталарды жайгаштыруу жана Польшага кошумча күч жөнөтүү планы да токтотулган.

Учурда Германияда отуз алты миңден ашуун америкалык аскер бар. Италияда он эки миңдей, Британияда он миң, ал эми Польшада болжол менен он миң америкалык жоокер жайгашкан.

Швециянын Хельсингборг шаарында өткөн НАТО саммитинде европалык өлкөлөр АКШнын пландары боюнча так маалымат сурашты. Норвегиянын тышкы иштер министри Эспан Барт Эйде аскерлерди азайтуу болсо, Европа коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө убакыт алышы керектигин айтты.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Европанын АКШга көз карандылыгын азайтуу саясаты улана турганын айтты.

Последние новости