www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзү боюнча жылына 10,3 адам инсультка кабылат. Анын 6,5 миллиону өлүм менен аяктайт. Биздин өлкө бул оору боюнча алдыңкы орунда экени айтылууда. Доктурлардын айтымында, инсульттун алдын алса болот. Ал үчүн кан басымды бир калыпта кармап, күндө текшерип туруу зарыл. Оорунун алдын алуунун жана кандай учурда инсульт өлүмгө алып келерин адис айтып берди.

- Алгач инсультка аныктама берсеңиз...

Адамдын мээси оң жана сол жарым шарлардан турат. Мээнин кан тамырына кан жетпей калганда инсультка алып келет. Бул оорунун эки түрү бар: ишемикалык жана геморрагикалык. Биринчисинде кан тамырлар жыйрылып мээге кан айланбай калат. Бул учурда мээнин оң же сол жарым шарында клеткалар өлөт дагы, адамды шал кылат. Мисалы, мээнин оң жарым шарындагы клеткалар өлсө, адамдын сол жак ыптасы кыймылга келбей шал болуп калат. Ал эми мээнин сол жак шарында клеткалар өлсө, оң жак капталы кыймылсыз болуп калат. Мээ жарым шарынын кежиге бөлүгүндө кан айланбай калса, көз көрбөй калат. Геморрагикалык түрүндө болсо кан тамыр жарылып кетип адам көп учурда өлүп калат.

- Кандай учурда мээге кан жетпей калат?

- Анын бирден бир себеби – жогорку кан басым. Адамдын кан басымы жайында дегенде 120/80, болбосо 140/90 болушу керек. Бизде болсо кан басымы 200 менен жүргөндөр деле бар. Кандайдыр бир себептен улам кан басым көтөрүлгөндө кан тамырлар жыйрылат дагы, кан уюп калат. Бул инсультка алып келет.

- Ошентсе да бул оорунун алдын алуунун жолу бардыр?

- Ооба, оорунун алдын алса болот. Ал үчүн жаш курак 45-50дөн өткөндөн кийин кан басымды күндө өлчөп туруу керек. Күндө деген сөздү баса белгилегим келет. Эгер эки-үч күн катары менен жогорку кан басым байкалса, дарыгерге кайрылып кан басымды түшүрө турган дары ичүү зарыл. Мындан сырткары жаш өткөн сайын кыймылдын аздыгы, иретсиз тамактануудан улам организмде зат алмашуу жайлайт. Бул учурда кан коюулана баштайт. Коюуланган кан уюп калганга жөндөмдүү. Ал эми уюган кан мээнин же жүрөктүн тамырына барып уюйт. Көп доктурлар канды суюлта турган дарыларды жазып беришет. Бирок бул жаңылыштык. Ал дарылар жөн гана кан уюп калбашынын алдын алат. Бирок кан коюу бойдон кала берет. Аны суюлта турган эң мыкты каражат – суу. Эртең менен тамактанар алдында ач карын суу ичкенде кан суюлуп, айлануусу жакшырат.

- Кан басымдын түшүп кетүүсү эмнеге жеткирет?

- Кан басым түшүп кеткенде кан тамырлар, тескерисинче, кеңейип кетет дагы, кандын басымы азайып мээге аба жетпей калат. Мисалы, булчуңга, колго-бутка аба жетпей калса эч нерсе болбойт. Бирок мээнин нерв клеткасына аба жетпегенде клетка өлүп, адамды шал кылат. Буга мисал катары төрөт учурундагы суунун кетип калганын айтсак болот. Аялдын суусу кеткенде түйүлдүккө, анын мээсине аба жетпей калып ар кандай шал оорулары менен төрөлүп жатышпайбы.

- Инсультка кабылгандан кийин айыгуу мүмкүнбү? Дегеле дарылоо кандай жүргүзүлөт?

- Мүмкүн. Инсульттун түрүнө жараша дарылоо процесси ар кандай убакытты талап кылат. Башты томографияга салып мээдеги нерв клетканын канча пайызы жараланганын, кан тамыр жарылдыбы же жыйрылдыбы, ушунун баарын аныкташат. Тамчылатма дары менен кан басымды түшүрүү керек. Канды суюлта турган дары куюлат. Инсульт болгондо мээнин тигил же бул бөлүгүндө клеткалар өлдү. Бирок мээде башка тирүү клеткалар бар. Алар өлгөн клеткалардын милдетин өзүнө алат. Бирок өлгөн нерв клеткаларды ойготуу үчүн көп мээнет кылуу керек. Бир маанилүү жагдай, инсульттан кийин дарыланууну канчалык эрте баштаса, ошончо жакшы. Биринчи үч айда дарыланса калыбына келүү мүмкүнчүлүгү 80-90 пайызды түзөт. Анткени мээдеги өлгөн нерв клеткаларды ойготуу процесси канчалык эрте башталса, ошончолук жакшы жыйынтык берет. Инсульт алгандан кийин 4-5 жылдан кийин кайрылгандарга жардам бере албай калабыз. Бул жерде жаш өзгөчөлүгүн да баса белгилеп кетүүм керек. Улгайган адамдарга караганда жаштар батыраак сакайып кетишет.

- Инсульттун экинчи ирет кайталануусу канчалык деңгээлде коркунучтуу?

- Эгер адам бир жолу инсульт болсо, анын кан тамырларында көйгөй бар дегенди туюнтат. Толугу менен башындагы кан тамырларды текшертип, ичкерип кеткен болсо дарылоо керек. Бирок тамактануунун тартибин, жашоо образын өзгөртпөсө, оору кайрадан кайталануусу толук мүмкүн. Инсульттун формасына жараша дарылоо ар кандай жыйынтык берет. Жеңил болсо бат айыгат, оор болсо узакка созулат. Көбү экинчи ирет кайталанса өлүп калат деген ойдо болушат. Дагы баса белгилейм, баары инсульттун оордугунан көз каранды. Эгер катуу болсо биринчисинде деле өлүп калуу коркунучу бар.

- Инсульт алган адамдын негизги белгилери кайсылар?

- Бир жак ыптасы кыймылсыз болот. Колу-бутун башкара албайт. Алдында турган буюмду алууга колун созо албайт. Күлө албайт, бирок алсыз жылмаят. Сүйлөшө албай кыйналат. Эки колун көтөр десеңиз көтөрө албай кыйналат. Тилин чыгара албайт. Кээ бир адамдар баш ооруну деле сезбей дароо шал болуп калуусу мүмкүн. Бул учурда “Тез жардам” кызматын чакыруу керек.

- “Тез жардам” келгиче кандайдыр бир алгачкы жардам көрсөтүп турууга болобу?

- Көбүнчө инсульт алган адам жыгылат. Эгер ага чейин кан басымын текшерип жетишсеңиз, басымды түшүрө турган Каптоприл, Коринфар деген дарыны тилинин астына салууга болот.

- Инсульт болуп жыгылган адамдын кулагынын артына же колунун манжаларына ийне сайып жиберсе жеңилдейт деп айтып жүрүшөт?

- Ооба, адамдын кулагынын артында, колдун манжаларында нерв системасына туташкан чекиттер бар. Негизи, щприцтин ийнеси жарайт. Бирок аны да билген адам жасаш керек. Бардык эле учурда ал ыкма жыйынтык бере бербейт. Канчалык натыйжалуу экенин так айта албайм. Дарыдан өтөрү жок.

- Азыр социалдык тармактарда кичинекей балдар телефон ойноп инсультка кабылып жатат деген билдирүү тарап жатат. Ушул чынбы?

- Негизи, компьютер, телефон – көп оорунун башаты. Биринчи кезекте нерв системасына өтө күч келет. Мындан 15 жыл мурун жаш бала түнү менен компьютердик клубда ойноп отуруп таңга жуук үзүлүп кеткен. Мен атайын бул оюндарды ойноп көрдүм. Кан басымым түшүп кетти. Кыйналып чыктым. Дал ушул телефон инсультка алып келери так далилденген эмес. Бирок бирден бир себеби болушу мүмкүн.

- Окурмандарга бул оорунун алдын алып, өмүрүн узартууга кандай кеңештерди бересиз?

- Кан басымы жогоруларга дайыма доктурдун көзөмөлүндө болууга, жанында үзгүлтүксүз дары-дармек алып жүрүүгө кеңеш берем. Кант диабети да көп оорунун башаты. Буга туура эмес тамактануу, зыяндуу адаттар себепчи. Биринчи кезекте жеп жаткан тамакты көзөмөлгө алуу керек. Камыр азыктарынан, майлуу эттен алыс болуңуз. Жогоруда айттым, дагы бир ирет кайталайм. Ач карын суу ичүү керек. Күнү бою ичип жүргөн сууга караганда эртең менен ичилген суу саламаттыкка алда канча пайдалуу. Дайыма кыймылда болгон оң. Кан коюуланып, уюп калбашына жакшы жардам берет. Жыйынтыктап айтканда, адам өзүнүн өмүрү, ден соолугу үчүн жоопкерчиликте болушу зарыл.

Анара Дүйшөналиева

Булак: "Леди.kg"

Последние новости