www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рим шаарынын борбордук бөлүгүндө "Куралды коюп маянаны көбөйткүлө!" деген ураан менен каршылык акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Италиянын "Профсоюздук базаларынын бирикмеси", "Базалык комитеттердин конфедерациясы" жана башка профсоюздардын уюштуруусу менен өтүп жаткан акциянын катышуучулары өкмөтүнүн экономикалык саясатына, Украинага курал жөнөтүүсүнө каршылык билдиришүүдө. Уюштуруучулар ага 10 миңге жакын адам катышканын билдиришкен.

"Биз согушка жана аскердик экономикага, аскердик чыгымдарды көбөйтүүгө, Украинага курал жеткирүүгө "жок" дейбиз", — дешкен каршылык акциясына келгендер.

Профсоюздардын биринин жетекчиси Гуидо Лутрарио өкмөттүн мындай чечимдери өлкөнүн келечегине эч кандай өнүгүү алып келбейт деп белгилеген.

Митингди уюштургандардын дагы бири Эдуардо Сорже: "Биздин мамлекет Украинага курал жеткирүүнү улантуу менен согушка катышууда. Экономикалык каатчылыкта социалдык чыгымдардын баары жөнөкөй калктын мойнуна илинип жатат. Ошол эле учурда аскердик чыгымдар көбөйүп, маяна жарыбаган көлөмдө", — деген.

Бейшемби күнү Италиянын министрлер кеңеши 2023-жылкыга карата атайын декрет кабыл алган. Анда Укрианага түрдүү жардам көрсөтүү, анын ичинде курал-жарак жеткирүү да каралган.

Римдин Украинага берген аскердик жардамынын тизмеси ачыкталбай келет. Жергиликтүү гезиттердин бири НАТОдогу булактарга таянуу менен Италия Киевге 300 миллиондон 500 миллион еврого чейинки курал жөнөткөнүн жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости