www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык аткаруучу Григорий Лепс Санкт-Петербургдагы концертинде күтүүсүздөн микрофонду жана көз айнегин ыргытып, сахна артына өтүп кеткен.

Белгиленгендей, 3-декабрда Лепс 60 жылдык мааракесине карата Санкт-Петербургдагы Муз сарайында концерт берген.

Лепс "Самый лучший день" ырын ырдап жаткан учурда күтүүсүздөн башын чайкап, көрүүчүлөргө баш бармагын көтөрүп, микрофонду сахнага ыргытып, унчукпай сахна артына өтүп кеткен.

Кийинчерээк Лепс жоругу үчүн Instagram социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу кечирим сураган.

"Кечээ концерт пландагыдай болбой, көп нерсе ишке ашпай калды, мен ооруп калдым... Бирок сиздер укмуштуудай болдуңуздар! Ушундай жылуу кабыл алуу, колдооңор жана ырды менин менен кошо ырдаганыңар үчүн бардыгыңарга чоң рахмат. Бул укмуштуудай кымбат жана чындап баалуу. Биз сөзсүз түрдө дагы бирге ырдайбыз. Бул эң сонун күн болот. Баарыңарга рахмат жана 2023-жылы концерттерде көрүшкөнчө!",- деп жазылган билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости