www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйшөмбү, 5-декабрда Федерация Кеңешинин Мамлекеттик курулуш жана конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин башчысы Андрей Клишас өлкөдөн чыгып кеткен Орусиянын жарандарына бир катар чектөөлөрдү киргизүү демилгесин көтөрдү.
Ал өлкөдөн чыгып кеткен орусиялыктардын чет өлкөдө болуусун «ыңгайсыз» кылууну сунуштады.
«Алардын көбү качып кетишкен, бирок орусиялык компанияларда алыстан иштеп жатышат. Ушуга байланыштуу мыйзамды өзгөртүп, ал жакта (чет өлкөдө) иштеп, бул жактан акча алган схемаларды чектей алабызбы, алар салыктын баарын төлөп беришеби, түшүнө албайбызбы?», — деди Клишас «Ведомости» гезитине берген маегинде.
Сенатор мындай чараларды киргизүү үчүн мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгын тактады. Бирок ал кайсы жоболор жөнүндө айтып жатканын тактаган жок.
Эске салсак, буга чейин, 4-декабрда Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин Орусиядан кеткен ишкерлерди «азапчылар» деп атаган. Ал кошумчалагандай, Батыш өлкөлөрү алгач орусиялык ишкерлерден яхта, вилла, унаа, учак алып, азыр өздөрү камап жатышат.
Булак: NazaNews.kg