www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Promzone клубунда ок чыгаргандар кармалды

 Бишкек шаарынын Ч.Валиханов көчөсүндө жайгашкан «Промзона» түнкү клубунда ок атылды.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдиргендей, милицияга борбор калаанын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 4-октябрда 3:30 чамасында түнкү клубда бейтааныш адамдар менен урушуп кеткен. Бейтааныш адамдар ага ок аткан.

Бул факт ээнбаштык беренеси менен катталып, милиция кызматкерлери 1985-жылы туулган З.М.ны жана 1988-жылы туулган М.В.ны кармашты. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө уланууда

Булак: NazarNews.kg

Последние новости