www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Итибаев: Кен казуудан акча табам деген туура эмес

Кен казуудан акча табам деген туура эмес. Анткени дүйнөлүк тажрыйбада мындай кадамдар менен өнүгүп кеткен мамлекеттер кездеше элек. Бул тууралуу Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев билдирди.

Анын айтымында, кен казууга 50 жыл мораторий киргизүү керек.

«Экономика министрлиги приоритеттерди койгондо бир аз туура эмес болду. Кен казып байып кеткендерди көргөн жокмун, кыргыз эли бул жагдайды түшүнүшү керек. Кендер кайра иштетилип, кошумча наркы кошулмайынча, пайда чыкпайт. Убактылуу каражат келиши мүмкүн. Биздин экономикабыз «кош бойлуу» болуп жатат. Тагыраагы, көмүскө экономиканын үлүшү көп. Кризис деген менен кафе, ресторандарда киши арбын», — дейт Итибаев.

Ал белгилегендей, Европа мамлекеттери кен казбаса да, салыктан түшкөн каражат менен жашайт. Мындай өлкөлөрдө приоритеттер туура коюлган. Кыргызстан да ушундай системага өтсө болот.

Өлкө көмүскө экономикадан арылганда гана капитал тартып, багыттарды өнүктүрө алат. Акылга байланыштуу багыттарды өнүктүрүү зарыл.

Итибаев кошумчалагандай, өлкөдө эркиндик тартипсиздик менен «синоним» болуп калды. Ал эми чыныгы эркиндик — жарандын укуктук талаада өзүн тартиптүү алып жүрүүсү.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости