www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайрат Итибаев: Өкмөт антикризистик штаб түзүшү керек

Өкмөт 24 саат иштей турган антикризистик штаб түзүшү керек. Мындай пикирин Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, штабга кенен укуктар ыйгарылышы керек.

Өлкө экономикасынын төмөндөшүнө пандемия жана саясий кризистен сырткары системдүү факторлор таасир этти. Анын кесепетинен билимдүү улан-кыздар Кыргызстандан чыгып кетүүдө.

«Мамлекетти башкаруу жөндөмдүүлүгүнүн деңгээли төмөн болгондуктан, мамлекеттик кызматтардын маянасы абдан аз. Мындай маселелер чогулуп жатып, өлкөнү жарга такады. Экономикалык, саясий, социалдык, маданий, руханий — системалуу кризистер ачыкка чыкты. Муну пандемия менен октябрдагы окуялар тездетти», — дейт Итибаев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости