www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 32 965 литр антисептикалык каражаттарды тапшырды. Каражаттар мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ачылышын колдоо жана COVID-19 жайылышын алдын алуу максатында берилди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Билим берүү министрлиги антисептикалык каражаттарды райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу өлкөдөгү мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жөнөтөт.

“Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргызстанда мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын коопсуз ачылышы үчүн жасап жаткан аракеттерине кошулганыбызга кубанычтабыз. Балдар коопсуз чөйрөдө классташтары, мугалимдери менен чогуу окууну жактырарына үмүттөнөбүз”, – деди ЮНИСЕФтин билим берүү боюнча адиси Марико Като.

Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФке көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазылык билдирди. Өз кезегинде Марико Като ар бир бала үчүн гигиеналык шарттарды камсыз кылуу максатында ЮНИСЕФ Кыргызстандын өкмөтү менен мындан ары дагы кызматташуусун улантарын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости