www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская 3-декабрда өлкөнү башкаруу тууралуу атайын видео кайрылуу таратты. Анда нааразычылык акцияларынан кийин эртеби-кечпи диалог башталарын, мамлекеттик системанын кишилери кепке келээринен күмөн санабай турганын айткан. Ошондой эле өлкөнү башкарып калса, адистерди чогултуп, таза шайлоо өткөрүүгө шарт түзөөрүн белгилеген.

Эске салсак, Беларуста бийликке баш ийген Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко утканын жарыялаган. Бирок, оппозициянын башкы талапкери Светлана Тихановская да, бир катар Батыш өлкөлөрү да, шайлоонун мындай жыйынтыгына макул болгон эмес. Андан бери өлкөдө Лукашенконун бийликтен кетүүсүн жана жаңы шайлоону өткөрүүнү талап кылган акциялар токтобой келет. Демонстрациялар жүздөгөн адамдар күч кызматкерлери тарабынан сабалып, камакка алуу менен коштолуп келет.

Өткөн аптада Лукашенко Беларуста жаңы Конституция кабыл алынган соң президенттик ишин токтотушу мүмкүн экенин айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости