www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы президенти Кристин Жольм журналисттерди балдарга карата зомбулукка байланыштуу темаларды чагылдырууда этият болууга чакырды. Бул тууралуу ал ЖМКга расмий кайрылуусунда айтты.

Ал 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот жараянын чагылдырган адамдардын бардыгына ыраазычылыгын билдирип. Анын жүрүшүндө айыпталуучулардын экөө акталып, үчүнчүсү жеңилирээк берене менен соттолгонун айтып, Кыргызстанда ар бир кыз үчүн коопсуз шарт түзүп берүү зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Сексуалдык зомбулукка жана эксплуатацияга басым жасоо менен, балдарды зордук-зомбулуктан коргоодо бийликтин гана ролу чоң эмес, бул процесстин негизги катышуучулары – ЖМК”,- дейт Жольм.

Кристин Жольм жаңылыктарды чагылдыруу үчүн Кыргызстандагы көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары кызга байланыштуу купуя маалыматты ачыкка чыгарып, аны жана анын үй-бүлөсүн кошумча кысымга жана зыянга учуратканына тынчсыздануусун билдирди. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектөөчү принципти - баланын кызыкчылыгын эске алуу менен ушул окуяны туура чагылдырууга үндөдү.

“Өзүңүздүн балаңыздай эле, ойлонуп кадам кылып, ал баланын ишин чагылдырыңыздар. Аталган окуяда жана башкаларында да баланын дарыланууга жана айыгууга болгон укугун сыйлап иш-аракет кылыңыздар”,- дейт Жольм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости