www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Реборн - бул ымыркай оюнчук. Ал ашкере табигый түрдө жасалгандыктан, тирүү ымыркайлардан такыр айырмаланбайт. Реборндор кичинекей балдар үчүн ойлоп табылган, бирок, кичинекей балдардын ордуна чоңдордун көңүлүн бурган. Эмнеге?

Реборн тирүү наристеден бир гана нерсеси менен айырмаланат - абсолюттук кыймылсыздык. Ал такыр кыймылдабайт, дем албайт жана көзүн ирмебейт, бирок башка нерселерде - салмагы, бою, жылмакай териси, көздөрүнүн жаркыроосу менен - ​​ал чыныгы ымыркайдан айырмаланбайт. Бул куурчактар ​​балдар үчүн ойлоп табылган - кичинекейлердин көңүлүн ачуу үчүн дагы бир оюнчук сыяктуу. Бирок, кийин белгилүү болгондой, реборндор бул максатка толугу менен ылайыксыз болуп чыккан.

“Балдар мындай оюнчуктарды жактырышпайт”,- дейт психотерапевт Варвара Сидорова. – “Кантсе да, алар менен ойноо мүмкүн эмес да: алар керектүү сандагы иш-аракеттерди жана манипуляцияларды жүргүзө алышпайт, бала менен кошо кыялданып, ар кандай оюндарды ойлоп табуу жөндөмүнө ээ эмес. Натурализм жана тирүү балага окшоштук чоңдордун көңүлүн бурат".

Реборн менен ойноп, аял гомеопатиялык дозада чыныгы наристеден алгысы келген сезимдердин  бардыгын ала алат.

Чыныгы ымыркайга абдан окшош, бирок жүрөктү түшүргөн кызыктай кыймылсыз көпчүлүктү шок кылып андан көзүн ала качуу сезимин жаратат. Бирок алардын арасында реборндорду чыныгы наристеге болгон өтө окшоштугу үчүн баалап, мындай куурчак үчүн көп акча төлөөгө даяр адамдар да аз эмес.

Аялдар реборндорду өз каалоолорун канааттандыруу максатында алышат. Кээ бир аялдар баланы эмизүүнү жана ага кам көрүүнү каалашат, бирок кандайдыр бир себептерден улам тирүү балалуу болууга батына алышпайт, ал эми башкалар өзүлөрү жылуулукка жана камкордукка муктаж болушат. Өзүлөрүнө кандай мамилени каалашса, реборн менен ошону жасашат: ороп алып бөпөлөп уктатып, кучагында терметип, куурчакты баласындай көрүшөт.

 

Реборнду эне боло элек, бирок бул жөнүндө көп ойлонуп, келечектеги энелик милдетти "аркалагысы" келип жүргөн аял да сатып ала алат. Ойноп жатып, ал практикалык кам көрүү көнүгүүлөрүн үйрөнөт жана эне ролуна көнөт. Баса, кош бойлуу аялдарды төрөткө даярдоо курстарындагы топтордо реборндор "симулятор" катары колдонулат.

Аялдар реборндор менен ойноп, аларга кооз кийимдерди кийдирип, тамактандырып, бешикте терметип ырахат алышат. Алар бул "ымыркайларды" абдан жакшы көрүшөт - о, керемет! - ыйлабайт жана сени түн ичинде ойготпойт ... Бул дээрлик эне болуунун ыңгайлуу, жагымдуу жана коопсуз жолу экен.

"Бул чындыгында эле абдан жагымдуу. Куурчак менен ойноп бүткөндөн кийин, сандыкка салып койсоңуз болот. Ал эми тирүү балдарга көңүл буруу, жоопкерчилик, ресурстарды, убакытты жана энергияны сиңирүү талап кылынат. Мындан тышкары, балдар түбөлүктүү. Реборндор эч качан өспөйт, өзгөрбөйт жана энесин таштап кетишпейт. Баары коопсуз жана алдын-ала белгилүү. Алар энелерине жаман сөздөрдү айтышпайт, үйгө зыян келтиришпейт. Алардан коркуунун кереги жок, алардан коркунуч күтүүгө кереги жок. Жана эч кандай кырдаалда сиз өзүңүздү жаман энедей сезе албайсыз."

Башка жагынан алганда, эмне үчүн аялдар башка куурчактар ​​менен ойнобошу керек, ошондой эле сүйкүмдүү жана табигый жаратылыштан алынган сулуу куурчактар менен мисалы, бирок реборндор менен эмес?

Кандай гана оюн болбосун, реборндор жашоодогу ситуацияларды туурап, белгилүү тажрыйбаларды үйрөтүшөт. Реборн менен ойноп жатканда, аял гомеопатиялык дозада чыныгы ымыркайдан ала турчу сезимдердин бардыгын алат. Ал бактылуу болуп, өзүнө жумшак жана камкор мамиле кыла алат. Ымыркай өзү эле- бул жүрөк козгоорлук назиктик, ар дайым коргоо  сезимин жараткан, сулуулук, сүйүү алып келген жандар... Демек, ымыркайга кам көрүү ар дайым жагымдуу сезимдерди - назиктикти, суктанууну пайда кылат. Микродозада бул тажрыйбаларды алуу менен, аял кандайдыр бир ички тартыштыктын ордун толтурат. "

Мындай оюндун айлана чөйрөсү, жакшы маанайды жаратуу жөндөмү дагы өзүнчө жагымдуулукка ээ. Аял ар кандай мүнөздөгү ар кандай ымыркайларды жарата алат, алардын тагдырын жана үй-бүлөсүн ойлоп табат. Бул иш-аракет окуя же жомок жазуу сыяктуу нерсеге айланат, сөз гана эмес, материалдык объектилер колдонулат.

Оюндан от чыкпайбы?

Оюн созулуп кетсе эмне болот? Мындай реборндордун камын көрүү менен толтурууга боло турган эмоционалдык дефицити бар адамдар муктаж. Эгерде реборн жөнүндө сөз болуп жатса, анда көбүнчө камкордуктун, назиктиктин, коопсуздуктун, суктануунун жоктугуна учураган адамдарга аталган оюнчуктар абдан чоң жардамчы. Кээде аял өзүн камкор эне катары сыйлап, өзүн баалоо үчүн да аталган куурчактарды сатып алышат.

Мындай учурда, реборндор аткарылбаган кысымдын денгээлин төмөндөтүшү мүмкүн, бирок алар муктаждыктарды толук канааттандыра албайт. Ошол эле учурда, көбүнчө эрте жаш кезинде күчтүү травманы башынан кечирип, жана кандайдыр бир себептерден улам бул травма дарыланбай калгандарга бул куурчактар өмүрүн сактоочу фактор катары пайдалуу. Мындай учурда, куурчактар ​​терең үмүтсүздүктү «дарылашат», жүрөк оорусу ушунчалык адатка айлангандыктан, адам өзү байкабай калган көйгөйдү, ал жөн гана куурчак менен ойногондон кийин абалы жакшы болуп калганын сезет.

Ошондуктан реборн менен ойноону токтотууну талап кылуу - бул жөн гана мыкаачылык. Кантип кальций жетишсиз адамдан дары ичпе же бор жебе деп тартып алса болот. Бул таң калычтуу, кемчиликтин ордун толтуруу аракетин көргөндө таң калабыз жана уялабыз, бирок адам ушундан жеңилдейт. «Адам өзү менен болуп жаткан окуялардын тереңдигин түшүнбөсө дагы, аны ойноо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпаш керек. Бут тосуулардан улам ал бактысыз болуп калат, - деп белгилейт психотерапевт.

"Ооруну басаңдатуучу каражатты жокко чыгарбастан, сезгенген жана ооруп калган психикалык жараны чындап айыктыруу үчүн адиске кайрылган жакшы".

Элестетип көрүңүз, аял паркта коляскада баласы менен сейилдеп жүрөт. Кантсе да, ал да өзүн эне деп эсептейт, келечекте баланын ага эне катары мамилесинин үзүрүн көрөт жана дал ушул сезим ага керек. Эгер ал баарын бирдей, бирок башкача формада ала алсачы? Убакыттын өтүшү менен реборнго болгон кызыгуу өтүп, аял башка категорияга өтөт, жашоонун жаңы баскычына даярдалган болочок эне же болбосо жанын сыздаткан бир кемчиликтен арылган, психологиясы чың аял.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости