www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Издөөдө жүргөн кыз СИЗОдон табылды

2019-жылдын декабрь айында Кыргызстандын ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кыргыз жараны кайрылып, Чүй облусунда жашаган 21 жаштагы кызы РФ аймагында дайынсыз болуп жаткандыгын маалымдап, жардам сурап кайрылган.

Жардам сураган аял анын Россиядагы кызы декабрь айынын орто ченинен тартып үй-бүлөсү менен байланышка чыкпай жаткандыгын кабарлаган. Ошондон улам КРнын ИИМнин РФдагы өкүлчүлүгү кызды Москва шаарынан издөөгө алган. Андан кийин кыргыз милициясына россиялык коллегалары аркылуу изделип жаткан кыз шектүү катары тергөө абагында жаткандыгы тууралуу кабарланган.

Белгилүү болгондой, укук коргоо кызматкерлери кызды “Уурулук” беренеси боюнча колго түшүрүптүр. Тергөө маалында кыргыз жараны СИЗОго камакка алынгандыгы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости