www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таластагы чачыратма октон жабыркаган ак илбирске кайдыгер эмес адамдар жардам беришүүдө.

Бул тууралуу “Бугу Эне” коомдук фондунун директору Салтанат Сейитова билдирди.

Жырткычты 10-январда Бишкекке алып келишкен. Рентгентде байкалгандай жаныбардан 70тей чачыратма ок бар экендиги аныкталган. 70 октун 18ин алып чыкканга мүмкүн болду. Операцияга чейин илбирстин бир көзү көрбөй калган болсо, операциядан кийин экөө тең көрбөй калган.

Эки жаштагы жаныбарга Жаабарс деген ат берилген. Ал азыр “Бугу Эне” коомдук фондунун директору Салтанат Сейитованын кароосундалыгы кабарланды.

“Алина Бекшанова аттуу кыз биздин илбирске 9 килограмм эт алып келди. Суукта куру кол келбей, жөө 9 килограмм эт белекке алып келди”, -деп социалдык тармактагы баракчасына жазган Сейитова.

Мындан сырткары Сейитова жардам берген бардык инсандарга өз ыраазычылыгын билдирип, фонддогу жапайы жаныбарларга жардам бергиси келгендер үчүн 0553 63 42 38 элсом номерин калтырган.

 

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости