www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 11-декабрында кабыл алынган.
— жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;
— жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүү, же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо);
— токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;
— коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо, же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;
— светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо;
— каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;
— тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо).
Ошону менен бирге транспорт каражатын жалган же жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу бузуулар категориясынан (айып пулу 10 000 сом) жоруктар категориясына өткөзүлүп (айып пулу 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин), бул укук бузуулуктун жоопкерчилиги күчөтүлгөн.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Булак: NazarNewsw.kg