www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№117 маршртунунун айдоочусу Токторбек Бердибаев өзүнүн дарегине коюлган күнөөлөргө комментарий берди. Анын сүйлөгөн видеосун Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы жергиликтүү маалымат булактарынын бирине жөнөткөн.

Бердибаевдин айтымында, 14-январда саат 23:30да жумушун бүтүрүп, жүргүнчүлөрдүн баарын түшүрүп бүткөндөн кийин үйүнө бара жаткан. Киев менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамада 10 адам турган. Бир карыган адам кол булгалап, айдоочуну токтотуп, жеткирип коюуну суранган.

“Мен артка берип, барын маршурткага түшүрдүм. Мен барыңарды 12-кичи районуна чейин жеткирем, 20 сомдон макулсуңарбы деп сурадым. Мен линияда эмес болчумун, жумушум бүткөн. Ал эми акчаны көтөргөнүм кайра ылдый киши жок түшөм. Бензинге чыгарып алайын дегем.  Бары макул болушту, бир бала мени мыйзамды бузуп жатасың деп, 12 сом эле төлөйм деди. Мен ким макул болбосо такси менен кете берсин дедим. Мен барына 20 сомдон кайтарып берип, кетип калдым”,-дейт Бердибаев.

Ошондой эле, ага жүргүнчүлөр жинденбегенин жана 20 сом төлөөдөн баш тарткан балага кыжырланып калышканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, ушул жумада №117 маршрутунун айдоочусу жүргүнчүлөрдөн 20 сомдо талап кылган деген маалымат тараган. Анда бардык жүргүнчүлөр айдоочу айткан сумманы төлөшкөн. Бирок бир жүргүнчүнүн акчасы жепегендиктен айдоочу аны түшүрүп койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости