www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баш калаадагы автобус жана троллейбустардын айрым айдоочулары электрондошкон билетке каршы чыгышты. Бул тууралуу Телеграмдагы  "Сейчас KG" каналы билдирет.

Анда шабашка кылууда тоскоол болгон аппаратка айдоочулар каршылыгын билдирип жатышканы баяндалып, коомдук транспорттун ичиндеги скочтолгон терминалдын сүрөтү тиркелген.

 Бул боюнча Бишкек мериясынын басма сөз кызматы “NazarNews” агентигине берген маалыматта, мындай адам факторуна байланышкан кыйынчылыктар болору мурда эле болжолдонгону айтылат.  

" - Бул учурда пилоттук баскычта экенин унутпашыбыз керек. Ал аппараттардын иштешин жана анда келтирилген каталарды оңдоо, окуу тестирлөө жүргүзүлүүдө. Айта кетүүчү жагдай, "Тулпар" системасынын адистери валидаторлорду текшерүү максатында айдоочулар үчүн атайын тренингдерди өткөрүшкөн. Ошондон бери анча көп күндөр өтө элек. Айдоочулар накталай эсептешүүдөн айрылуусу оор болууда. Ошондуктан айрымдар тарабынан саботаж болуп жатат", — деп берилет мэриянын маалыматында.

Белгилей кетсек, башкалаадагы баардык коомдук транспортторго стационардык валидаторлорду орнотуу иши улантылууда. Ал эми өнүккөн бир катар өлкөлөр бул ыкманы эбак эле тажрыйбадан өткөрүшкөн. Жашоочулары үчүн катардагы эле көнүмүш адат болсо, айдоочуларды алагды кылбаган эң ыңгайлуу экени дагы белгиленет.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости