www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевди сырттан камакка алуу чечими өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тил каты менен камалган жок.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Файзиевдин бөгөт чарасын Биринчи май райондук соту караган. Учурда кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иликтеп жатат.

28-майда Аскер прокуратурасы “Элит Хаус” компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Ал Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шек саналып жаткан. Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-майда ишкердин бөгөт чарасын карап, камакка алууга сыртынан чечим чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл январда Бишкек шаарындагы архитектуралык курулуш көзөмөл тармагында тийиштүү документтери жок көп кабаттуу үйлөрдү куруу фактысын аныктаганын билдирген.

УКМК кине коюлуп жаткан мамлекеттик органдын, андагы жооптуу кызматкерлердин жана ири курулуш компаниянын атын ачыкка чыгарган эмес. Бирок маалыматка "Элит Хаус" курулуш компаниясына таандык турак жай курулуштарынын сүрөттөрү тиркелген. Аталган компания Файзиев августта жетекчиликтен кеткенин жарыялаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости